12.04.2020 09:00

Абылгазиев: Оорулуу менен байланышкан  акыркы адамды аныктамайын, карантинди токтото албайбыз

Абылгазиев: Оорулуу менен байланышкан  акыркы адамды аныктамайын, карантинди токтото албайбыз

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Өкмөт башчы адамдар ортосундагы байланышты минималдштыруу боюнча аракеттер – коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына каршы туруунун эң натыйжалуу ыкмасы экенин белгиледи.

«Тесттердин бардыгынын анализдери чыгып, алардын контакттары боюнча акыркы киши такталмайынча карантинди токтото албайбыз. Биз үчүн ар бир жараныбыздын өмүрү баалуу. Эпидемиянын учурдагы абалын көрүп туруп, кырдаалды жеңилдетип коюуга жол бере албайбыз. Акыркы контакт болгон адам табылганга чейин иштейбиз. 100% жок деген ишеним керек», - деди  Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, 11-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 339 кишиге жетти.  Ичинен 51и дарыгерлер.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.